Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз-Ала тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларындагы карагай-арчалардагы өрттү өчүрүүгө 4 офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок аймактык өрт өчүрүүчү куткаруучулары болуп жалпы 50 кызматкер жана 30 куткаруучу иштеп жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 100 адам, анын ичинен 20 атчан, Кемин РИИБинен 30 кызматкер, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен (ГКЭК) 80 кызматкер жана Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер тартылган. Ошондой эле 2 даана 20 кишилик чатыр тигилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин ӨКМ Кеминдеги өрт жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккандыгын кабарлаган.