Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралды. Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов кызматкерлердин айлык маянасы өтө төмөн экенин белгиледи.
“КТРКнын кызматкерлеринин маянасы өтө төмөн. Ал жерде ишине берилгендер гана иштейт. Андыктан КТРК өзү тапкан каражатты бюджетке чегербей, корпорациянын иши үчүн жумшалып, айлык маяналар көтөрүлсө жакшы болмок. Анткени былтыр 59 миллион сом бюджетке чегерилген. Эгер каражаттар КТРКда калтырылса, кызматкерлердин айлыгын 40 пайызга көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк”, - деди ал.