реклама
super.kg logo

Кулап калбашы үчүн тирөөчтөр менен тирелген. Нарындын Ак-Кудук айылында окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп баштайт

 

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Ак-Кудук айылынынын тургуну кайрылып, Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан. Ошондой эле мектептин имараты кулап калбашы үчүн дубалдарга тирөөчтөр тирелип турган сүрөттөрүн жөнөткөн.

Ал эми Нарын районунун акими Алтынбек Сенирбаев Ак-Кудук айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна курула турган жаңы мектепке мамлекет тарабынан эки миллион сом бөлүнгөнүн, учурда пайдубалы гана курулганын айткан.

Арадан бир нече ай өттү. Жакында, тагыраагы 15-сентябрдан баштап өлкө аймактарында жаңы окуу жылы башталат. Аталган мектептин азыркы учурдагы абалына кызыгып, директору Байыш Касымалиевге байланышып, сурап көрдүк.

"Бул мектепке директор болуп келгениме аз эле убакыт болду. 17-августта башка айылдан ротация болуп которулуп келгем. Окуучуларды убактылуу окуталы деп жатабыз. Ошондуктан бир аз сырдап койдук. Бул мектепте 150 окуучу окуйт. Аким баш болуп мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча каражат издеп жатабыз. Каражат табылса кышка чейин бүткөндөй болобуз дешүүдө. Мектеп баягы эле абалында. Эгер оңдоп-түзөө иштери башталса, окуучулар кайрадан онлайн окуп турушат. Ал эми 9-11-класстын окуучуларына сабак өтүү үчүн үй таап дайындап койгонбуз. Ошол жакта окушат. Андан башка вариант жок болуп жатат.

Мектеп айласы жок эле турат. Кулап калбашы үчүн тирөөчтөр менен тирелген", - деп билдирди Касымалиев.

Маалымат үчүн:

Аталган мектеп 2014-жылы ноябрь айында комиссия тарабынан авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бул мектеп 1971-жылы курулган. Мектеп курама жыгачтан курулуп, спорт залы жок, 6 окуу класстан турат. Учурда 150 окуучу окуйт, 20 мугалим, 6 кенже тейлөөчү кызматкер иштейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
177045;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: