№19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар жеңилдетилген шартта мөөнөт өтөй турган секциялар ачылды

8-сентябрь күнү Чүйдүн Жаңы-Жер айылында өмүр бою эркинен ажыратылгандарга жеңилдетилген шартта мөөнөт өтөй турган секциялар ачылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев ачылышка катышты. "Жыйырма жыл камерада отуруп, жүрүм-турумун жакшы алып жүргөн жана тартипти бузбаган соттолуучулар жеңилдетилген секциядан орун ала алышат", - деген Эгембердиев.

Жаңы ачылган секция толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, анда соттолгондордун бөлмөсүндө ашкана, жуунуучу жай, сейилдөө үчүн атайын короо бар.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар 20 жыл жазасын өзгөчө оор режимде өтөгөн соң алар жеңил режимдеги секцияга которулушу мүмкүн. №19 мекемеде ачылган бул жай 200гө жакын соттолуучуга ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан