Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Садыр Жапаров Касым Тыныстановдун чөбөрөсүн колуна алып түшкөн сүрөт жарыяланды.