Мирослав Ниязов Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчи жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Мирослав Ниязов Ооганстан Ислам Республикасындагы элчилик кызматка 2019-жылдын март айында дайындалган.