Улукбек Марипов түрк компанияларын экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоого чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында түрк бизнесмендери менен консультативдик жолугушууга катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга 30дан ашуун бизнесмен катышып, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасында жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

"Түркия Республикасы – Кыргыз Республикасынын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү. Бүгүнкү күндө биздин өлкө Түркия менен ар кыл тармактарда мамилелерибизди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы маалымдагандай, президент тарабынан өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Атап айтканда, 2022-жылга чейин ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий узартылган, коруппцияга каршы ишкерлик кеңеш түзүлгөн. Мындан тышкары менчикти коргоого алуу жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоого алуу жөнүндө документ кабыл алынган.

Түрк бизнесмендери, анын катарында биздин өлкөдө көптөгөн жылдар бою иштеген бизнесмендер инвестициялык кызматташтык боюнча өз идеялары менен бөлүшүп, ошондой эле республикадагы ишкерликти жүргүзүү боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Улукбек Марипов түрк компанияларын Кыргыз Республикасына, өзгөчө энергетика, өнөр-жай, айыл чарба, туризм, тоо-кен жана саламаттыкты сактоо сыякттуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан