Владимир Путин адамды ажалдан куткарам деп каза болгон ӨКМ башчысы менен коштошту (видео)

Бүгүн, 10-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин адамды ажалдан куткарам деп каза болгон өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен коштошуу аземине келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 07:00дө башталып, бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Евгения Зиничевдин сөөгү өзү туулуп өскөн Санкт-Петербургда жерге берилет. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Зиничевди жерге берүүгө катышпай тургандыгын билдирген.

8-сентябрда Евгений Зиничев Арктика зонасын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ведомстволор аралык машыгууларга катышуу учурунда башка кызматкердин өмүрүн сактайм деп жатып каза болгондугу кабарланган.

Владимир Путин Евгений Зиничев менен коштошуу аземине келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-09-10 18:31:04
Өкүрүп ыйлагандар жок го.Тескерисинче,музыка коюп койгонбу...
0
Belek1710
2021-09-10 22:30:50
Евгения Зиничевби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан