Активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча акыйкатчы Токон Мамытов башкы прокурорго кайрылат. Бул тууралуу Акыйкатчы институнун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Ички иштер министрлигинин Нарматованы Жазык кодексинин “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыптап жатканын кабарлап, түн ичинде кайра аны жокко чыгаруусу боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.
Белгилей кетсек, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендигин айтты.
Кийинчерээк Нарматованын Өзгөндөгү үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү материалдарды Бишкек шаарына жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Андан соң ИИМдин маалымат кызматы Нарматова күбө катары сурак бергенден кийин бошотулганын билдиришти.