реклама
super.kg logo

Ошто жыл аягына чейин курулуп жаткан 5 мектептин үчөөнү бүткөрүү пландалууда

 
Ош шаарында жылда өтүүчү билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова, шаарда жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 менчик мектеп бар.
Учурда шаарда республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуштардын көп жылдан бери кармалып, бүтпөй жаткандыгынын себеби акча каражатынын жок болгондугу. Жылдын аягына чейин акча каражаттарын толук бөлдүрүп, 3 мектептин курулушун бүтүрөбүз деп пландап жатабыз. Негизги шаарларда мектептин жетишсиздиги күч. Ош шаарында да бул маселе орчундуу. Учурда курулушу жүрүп жаткан мектептерди бүтүрүп алсак, жеңилдиктер жаралат. Андан соң билим берүү мекемелерин көбөйтүү боюнча пландар бар”, - деди Алмаз Мамбетов.
Ош шаары боюнча 3 277 мугалим 77 миң 832 окуучуга билим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны 72 250, менчик мектептердеги окуучулардын саны 5 582.
2020-2021-окуу жылында 1-класстарга электрондук кезек менен кабыл алуу тартиби киргендигине байланыштуу 8 947 окуучу кабыл алынган, ал эми жаңы 2021-2022-окуу жылында 1-класска 8000ге жакын окуучу кабыл алынды.
Ош шаарында 80 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, 13 миң 257 тарбиялануучу кабыл алынган жана аларды 1186 педагог тарбиялайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 45 мамлекеттик бала бакчада 13 280 бала, 35 менчик бакчада 2 300 бала бар.
Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен бир катар мектеп мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары сыйланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
177045;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: