реклама
super.kg logo

Өлкө боюнча мыйзамсыз курулган 59 көп кабаттуу имарат аныкталды

 

Архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы өлкө боюнча эч кандай уруксаты жок курулган 59 көп кабаттуу имаратты аныктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулган имараттардын 37си Бишкек шаарында, 18 имарат Ош шаарында курулган. Ошондой эле Чүй облусунан 4 имарат аныкталган.

Ал эми тийиштүү уруксат кагазы жок салынган имарат ээлерине карата мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрүп, чечим чыгаруу үчүн бул иш тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү курулуш иштери "шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде гана жүргүзүлүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.09.2021. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
421
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойбогон чиновниктердики да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: