реклама
super.kg logo

"1 миллион 880 миң сом бөлүнгөн". Садыр Жапаров "Танкалык биатлон" мелдешинин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды

 

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров "Танкалык биатлон" жана "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик апараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент танкачылар менен десантчыларга өлкөгө атак-даңк алып келген жеңиши үчүн терең ыраазычылык билдирип, ошондой эле бул командалардын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылган бардык аскер кызматкерлерин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү сааттарды тапшырды, алардын айрымдарына президенттин атынан ыраазычылык каты берилди. Мындан сырткары “Танк биатлону” менен “Десанттык взвод” сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүндү.

Белгилей кетсек, VII эл аралык аскер оюндары-2021 22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекет аймагында өткөрүлдү. Алар: Алжир, Армения, Беларус, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Орусия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Аравий, Япония деңиздеринин сууларында өттү. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: