реклама
super.kg logo

2 жыл мурун калкты чуу түшүргөн контейнер мектеп. Анын ордуна курулуп жаткан жаңы мектеп качан бүтөрү белгилүү болду

 

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин курулуш иштери 1 айдын ичинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымына караганда, мектептин курулуш иштерин бир айдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

"Жаңы мектептин курулуш иштери 1 айдын ичинде аяктайт. Азыркы тапта спорт зал менен мектептин алдындагы курулуш иштери калды. Учурда 166 окуучу эски клубдун имаратында эки нөөмөт менен окуп жатышат.

Жаңы мектеп 150 окуучуга ылайыкталган", - деп билдирди Орозказиева.

Аталган мектептин чоо-жайы:

Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен. Кийинчерээк өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бул мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөрүн маалымдаган. 2020-жылы курулуш иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
177045;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: