реклама
super.kg logo

Окуучулардын сүрөтү тартылган манекендер Ош шаарындагы жолдорго коюлду

 

Ош шаарында мектептердин алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө окуучулардын элесин чагылдырган манекендер жасалып, Ош шаарынын бардык мектептерине тапшырылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин кайгуул кызматынан кабарлашты.

Аймактагы окуучулардын коопсуздугуна көңүл бурулуп, алардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн унаа жолдордун боюнда жайгашкан мектептердин алдындагы жөө өтмөктөргө манекендер коюлду.

"Жаӊы окуу жылынын башталышы менен балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында шаар мектептеринде сабактар, аӊгемелешүүлөр 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык “Салам мектеп!” рейддик иш-чарасы өткөрүлмөкчү. Ошол эле учурда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин кызматкерлери менен биргеликте башталгыч класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүүдө жана балдарын алгачкы класска жетелеп келген ата-энелерге окуучулардын коопсуздугу үчүн үйгө барып, келүүчү коопсуз маршруттарын, коопсуз жөө жүрүүчү жолдорду үйрөтүү керектигин жеткирүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 20 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 20) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: