Чүйдө эки жарандын ортосунда чыккан пикир келишпестик биринин өлүмү менен аяктады

Чүйдүн Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 9-сентябрь күнү болжол менен саат 10:47 чамасында Москва РИИБине телефон чалуу болуп, Толок айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Москва РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурунда маркум 1972-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган. Ошондой эле денесинде бир нече жаракаттар бар болгон.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтын негизинде, пикир келишпестик алар спирт ичимдигин ичип отурган кезде чыгып, акыры адам өлүмү менен аяктаганы белгилүү болгон. Азыркы учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан