реклама
super.kg logo

"Лимонтинин" өлүмүнө айыпталган Шамиевдин аялы: "Жолдошум аны өлтүрүүгө даярданып жүргөн деген сөз калп"

 

Кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү катары айыпталып жаткан Талгат Шамиевдин жубайы Айдай Марат кызы SUPER.KG порталына соттук отурум уламдан улам жылып, чечим чыкпай жатканына нааразы экенин билдирди.

Ал чыккан экспертизалардын жыйынтыгына макул эмес.

"Талгат УКМКнын СИЗОсунда кармалып турганда коркутуу-үркүтүү болгон жок. СИЗО-1ге которулганда ар кандай кысымдар болду. Ур-токмок дагы болду окшойт. Эми биз аларды Алмазбек Сулаймановдун тарапташтары кылышы мүмкүн деп ойлоп жатабыз. Алардын акчасы дагы бар дегендей.

Айдай Марат кызынын айтымында, окуя болгон убакта ал дагы Нарында болгон.

"Окуя болгондо биз Нарында болчубуз. Себеби Бишкекте карантин башталгандан улам ата-энебиздин үйүнө барган элек. Кызым анда 1 жашта болчу, түнү менен ооруп чыккандыктан биз эртең менен ооруканага алып келгенбиз. Бизди үйгө таштап коюп, дарыгерлер жазып берген дарыны алып келе калайын деп эле дарыканага чыккан. Жарым саатка жетпей эле бизге кабар келди.

Жолдошум Алмазбек Сулаймановдун (Лимонтини) Нарында жүргөнүн билген. Унаасын айдап алып ары-бери өтүп эле жүргөн. Мен ал киши тууралуу деле билчү эмес экенмин. Себеби биздин үй-бүлөдө ал тема козголчу эмес. Кийин гана билип баштадым. Азыр ар ким Талгатты буга даярданып жүргөн, бул атайын берилген буйрутма деп айтып жатышат. Бул туура эмес, биз жаңы үйлөнгөн, жаңы төрөлгөн кызы бар үй-бүлөбүз. Анын оюна бул нерсе келген да эмес. Себеби биздин алдыда башка максаттарыбыз бар эле.

Мен Талгатка УКМКнын СИЗОсунда кармалып турганда 2 айда бир жолугуп жаттым. Ал эми СИЗО-1ден жолуктурбайт экен. Ошондо ал кылган ишине өкүнүп, бизден кечирим сураган. Талгат бул ишти нес абалда кылган. Себеби Лимонти жолдошума 3 жолу бычак сайган. Анан ал кантип өзүн коргобойт? Аны ал нес абалында сайган.

Азыр соттук иш уламдан улам жылып жатат. Чыккан экспертизаларга макул эмеспиз. Себеби далили жок эле экспертизалар сотко өтүптүр. Мисалы анын нес абалда бычак сайганы эске алынып, ошол боюнча атайын экспертиза чыгышы керек эле же тергөө жабырлануучу тарапка тартып койгонбу, бизге түшүнүксүз болуп жатат. Биздин айтарыбыз сот жолдошумду соттосо дагы акыйкаттуулук менен соттосун.

Жолдошум жалгыз өзү үй-бүлөсүн багып келген, ошону дагы эске алуулары керек. Кызыбыз 3кө чыгайын деп калды. Азыр мага, апасына оор эле болуп жатат", - деди Айдай Марат кызы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178719;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: