Бишкектеги токой плантациясында белгисиз жарандар ит, мышыктарды өрттөп кетишкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Токой плантациясындагы өрт тууралуу билдирүү бизге 16-сентябрда саат 14:37де келген. Өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, 17:20да толугу менен өчүрүлгөн. Үй ээсинин айтымында, 30 ит жана мышык өлтүрүлгөн. Жалпысынан 30 жаныбар болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.