Бүгүн, 17-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары жыйынтыкталып, ал түз эле Ош шаарына келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда "Өзгөн-Мунара-2021" этно-фольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", - деп жазылат маалыматта.
Иш-чара Өзгөн шаарында өтөт.
Садыр Жапаров Тажикстанга 15-сентябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышуу үчүн барган.