Бүгүн, 19-сентябрда таң эрте SUPER.KG порталынын кабарчылары Бишкектеги “Ош базар” тарапта жайгашкан ит базарга жөнөдүк. Ал жерден сатуучулар менен маектештик. Кызыгы, соодагерлердин жана сатып алуучулардын көпчүлүгү орус улутундагы адамдар экендигин байкадык. Ит багуучулар өз иштеринин күнгөй-тескей тарабын ачыктап, кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
Итимди 3500 долларга сатпай койгом
Базардагы соодагерлердин бири Елена ырым-жырымдарды көп карманарын айтат.
"Мен 20 жылдан бери ит багам. Көбүнчө бельгия жана немис овчаркасын. Бельгия овчаркасы чек арага, милиция кызматкерлерине кызмат өтөөгө, спортко жөндөмдүү. Булар шамдагай, шайдоот жана акылдуу келишет. Бул 2 жарым айлык иттин баасы 300 доллар. Үй-бүлөм менен иттерди аябай жакшы көрөбүз. Үйдө иттерибиз көп. Сатыктан түшкөн акча тамак-ашка, машыктыруучунун кызматына, түрдүү көргөзмөлөргө жана беттештерге катышууга жумшалат. Бир жолу немис породасындагы овчаркамды чет элдик жарандар 3500 долларга сурашкан. Бирок мен саткан эмесмин. Анткени ал Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чемпиону. Мен өзүм да иттерди машыктырам. Итти сатканда моюнундагы арканын кошо бербейсиң, итти бекер бербейт деген сыяктуу ырым-жырымдарды колдонобуз. Иттерди базарга ишемби жана жекшемби күндөрү таң эрте алып чыгабыз", - дейт Елена.
Кожоюну өз итине окшош болот
Биз базарда жүргөндө көзүнүн алды кызарган, кулагы менен куйругу жок итти көрдүк. Буга таң калып, анын кожоюну Надежда Владимировнага суроо узаттык.
"Иттин көзүнүн асты кызыл болгону - Орто Азия алабайлардын өзгөчөлүгү. Бул 3 айлык иттин баасы 15000 сом. Аты жок. Анткени жаңы кожоюну сатып алгандан кийин өзү ат коюп алат. Иттин кулагы менен куйругу кесилген. Себеби бул иттердин алсыз жери болуп саналат. Карышкырлар менен алышканда жеңилип калышат. Салмагы 100 килограммга чейин барган иттер бар. Негизи “мал ээсин тартпаса арам өлөт” деген сөз бар. Бул бизде тескерисинче “кожоюн өзүнүн итине окшош болот", - деп айтылат.
Иттерди балдарыбыздан жакшы багабыз
Лена аттуу сатуучу биз барган учурда ысык чай ичип отурган экен. Аны сөзгө тартсак, иттерге да документ алабыз деп таң калтырды.
"Мен 15 жылдан бери ит багам. Бул Чыгыш Европа овчаркасы, мендеги 4-муун. Мен кичинекей кезден бери иттерди үйгө сүйрөп келе берчүмүн. Апам “кийин өз алдыңча болгондо багасың” деп урушчу. Күчүктөргө 8000 сом сурап жатам. Документи бар күчүктөрдү 15-16 миңге саткан учурлар болгон. Документ иттердин таза кандуу экендигин далилдөө үчүн керек. Бир итке документ жасоо үчүн 1500 сомго чейин керектелет. Документтерди клубдардан беришет. Кээде иттерди балдарыбыздан жакшы багабыз. Иттерди жугунду менен эмес, эт менен багабыз", - дейт Лена.