Өзбекстанда өткөн экинчи эл аралык фестивалда манасчы Самат Көчөрбаев 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, 18-20-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Нукус шаарында өткөн (Каракалпакстан) экинчи эл аралык Бакшы искусствосунун фестивалынын алкагында эпос жана дастан айтуучулардын кароо сынагында манасчы Самат Көчөрбаев 3-орунга ээ болуп, атайын диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Аталган фестиваль коомчулукту өзбек улутундагы бакшы жомокчуларынын үлгүлөрү менен тааныштыруу, жаштардын бул искусство түрүнө болгон сый-урматын жана кызыгуусун арттыруу, бир тууган элдердин достугун бекемдөө максатында өткөрүлүп келет.