Интернет желесине секелек кызды унаа сүзүп кеткен видео тарады.
Видеодон кырсык "Баят" базарынын жанында болгонун көрүүгө болот. Анда жолдун кесилишинен бурулуп, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа кызды сүзүп кетет. Кыз күтүүсүз жерден чыга калган. Унаа сүзгөн учурда ал тоголонуп барып отуруп калганын көрүүгө болот.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына бул факты боюнча "102" кызматына чалуу болбогонун айтышты. Буга байланыштуу кырсык качан болгону, ошондой эле жабырлануучунун абалы жана башка маалыматтар азырынча белгисиз деп билдиришти.