"Ашканадагы түтүккө асынып каза болгон", "Жанын кыюусу мүмкүн эмес болчу". Кеминдеги келиндин өлүмү боюнча тараптардын тартышы

маркум келин апасы менен 19-сентябрь күнү Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринен 1997-жылы туулган Медина Нурлан кызынын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. Мындай кабарды келиндин жакындарына кайын журту айткан. Бирок редакцияга кайрылган келиндин жакындары ал өз жанын кыйды деген жүйөгө ишенишпейт. Медина Нурлан кызына 20-сентябрда Токмок шаарында соттук-медициналык экспертиза жасалып, андан соң жансыз денесин туугандары Нарын облусуна алып кетишкен.

Нурайым Болотбекова, маркумдун эжеси. Ал сиңдисине жолдошу кол көтөрүп жүргөнүн айтып окуя боюнча буларга токтолду.

"Биз 4 бир тууганбыз. Медина менден кийинки сиңдим. Жолдошу Алишер менен 2016-жылы баш кошушкан. Күйөө баланын биринчи аялынан уулу бар. Баланы апасы таштап кеткенде сиңдим өз баласындай жакшы караган. Сиңдим менен күйөө балам баш кошкондон кийин жакшы жашашты. Сиңдим күйөөсү кол көтөрүп жүргөнүн айтып калчу. Кайнатасы Мединага кол тийгизбей коргоп жүрчү окшойт. 2017-жылы уулдуу болушту. 2018-жылы экөө тил табыша албай эки жолго түшкөн.

19-сентябрь күнү саат 17:40та апам, сиңдим жана Медина үчөө телефондон видео байланыш аркылуу күлүп-жайнап эле сүйлөшүптүр. Апам Москвада иштечү. Эртеси Мединанын тишин дарылатканга акча салмак. Сүйлөшүп бүткөндөн жарым саат өтүп-өтпөй апама жаман кабар айтылыптыр. Жаңы эле апасы, сиңдиси менен жакшы маанайда сүйлөшүп отурган кыз кантип асынып алат? 1 ай мурун кайра элдешишкен", - дейт Нурайым.

Маркумдун таякеси Марс Жумаев сөөктү Нарынга алып барып, майрам сууга алып жатканда көк ала тактарды көрүп кайра Нарындан Бишкекке экспертизага алып келдим дейт.

"Моюнундагы такты, денесиндеги жаракаттарды көргөндө эле киши колдуу болгон деп ойлодук. Ошондуктан Токмоктун соттук-медициналык экспертизасы чыгарып берген “өзүн-өзү асып алган” деген жыйынтыкка макул эмеспиз. Сөөктү Бишкек шаарындагы республикалык өлүкканага алып келгенге туура келди. Тууган-урук адилеттүүлүккө жетмейин аягына чейин күрөшөбүз. Мен милиция кызматкери болуп 20 жыл иштегем. Өзүн-өзү өлтүргөн адамдын кекиртек тушунда эле из калат. Мединада жиптин изи тегерете, желкесине чейин болуп жатат. Киши колдуу болуп жатканы даана көрүнүп турат. Көк ала тактар сол колунда, бутунда, кабырга тушунда бар", - дейт Жумаев.

Биз окуянын экинчи тарабы болгон келиндин күйөөсүнүн үйүнө бардык. Кайненеси Гүлжан Чекирова буларга токтолду.

"Келиним менен пикир келишпестик болгондо кудагыйга чалып “кызыңызды алып кетиңиз, болбой калды. Тынч жашай албайт экенбиз” дегем. Апасы келип көчүрүп кеткен. Көп өтпөй кайра оокаттары менен көчүрүп келип “кудагый, келиниңизди, небереңизди кабыл алыңыз. Мен Түркияга кетип жатам. Мединанын бара турган жери жок” деген. “Мейли, мындан ары тынч жашоо болобу? Күйөөм да каза болуп калды” десем, “кызым сөз берет, ак десеңиз ак, көк десеңиз көк болот” деди. Кошуналар билет, келинге өйдө карап сүйлөчү эмесмин. Мени сабады дешкени жалган, сиңдиси экөө мени сабаган.

Уулум менен келиним экөөнүн ортосунда уруш-талаш болчу, ар бир үй-бүлөдө жаңжал болуп турат эмеспи. Эгер көк ала койдой сабап жатса эмне үчүн энеси алып кетип, сотко берип чуркаган жок? Уулум бул келин менен кайра жашап алганын билген эмесмин. Таң калдым. Уулума “ага жолобо деп айтпадым беле? Кандай экенин билесиң да” десем сүйлөбөй койду. Окуя болгон күнү балам козу алганы базарга барып, келгенден кийин “апа, чыйрыгып ооруп жатам” дегенде дары берип жаткыргам. Үйдө болчу. Келиндин туугандары “силер Токмоктун экспертизасын сатып алдыңар” деп жатышат. Биз сатып алгыдай шартыбыз жок. 5 маал намаз окуган балам андай ишке барбайт", - дейт Чекирова.

Алишер Чекиров каза болгон келиндин жолдошу. Ал окуя болгон күндү мындайча баяндайт.

- Медина менен 16 жашымда таанышкам. Башында кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп кийин сүйлөшпөй калганбыз. 19 жашымда кайра сүйлөшүп баштаганбыз. Биринчи келинчегим менен таежелеринин айынан ажырашып кеткенбиз, уулумду өзү менен кошо ала кеткен. Медина экөөбүз сүйлөшүп баштаганда баланы таштап кеткен. Кийин Медина менен баш кошуп, балалуу болуп жашап жүргөндө апам менен келинчегимдин ортосунда пикир келишпестик болду. Алар кырылышып кеткенде аялыма “кет” дегем.

Окуя болгон күнү апамдын үйүндө болчумун. Медина телефон чалып “эртерээк келип, баланы алып кет” деди. Барсам эшик ачык экен. Уктоочу бөлмөдө балам мультфильм көрүп отуруптур. “Апаң кана?” десем “тамак жасап жатат” деди. Ашканага кирсем асынып калыптыр. Бир колум менен өйдө көтөрүп, бир колум менен жипти моюнунан чечип биринчи жардам көрсөткөнгө аракет кылдым. “Тез жардам” келип каза болуп калганын айтышты. Кемин РИИБине алып кетип суракка алышты. Башында Мединага кол көтөрчүмүн. Жарашкандан кийин сабаган эмесмин. Мурда ичимдик ичип калчумун. Кийин таштап, намаз окуп калдым. 20-сентябрда Бишкекке алып барып хиджаб сатып берип, тишин дарылатмакмын", - деди Чекиров.

Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөн учурда жаракаттар аныкталбаганын билдирет.


кошулду
Кеминде асынып алды делген келиндин өлүмүнүн чоо-жайы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chagylgan7
2021-09-23 16:40:16
З6 ,вообще кайненелер Неге аралаша бересинер баланардын жашоосуна?!Балана жакса болду да ,как будто озу Эле периште болуп келгендей.Бардык кайненелер бирдейсинер .Бул жерде баласы апасына,апасы баласына шылтап Эле отуруп калыптыр го .Адам эмес экенсинер,силрдей адамды Жер которуп жургонуно
+1
meni_kut
2021-09-23 21:49:01
Кайненеси убалына калыптыр аттин..Балана жакса болду да,бактысын тилеп отура бербептир
+2
JaneEr
2021-09-23 22:46:36
Акыретте жооп бересинер,келин силерге аманат эле.Урган куйоосу да жооп берет.Кыз жертва болуптур(((
+2
Sara1993
2021-09-24 16:32:31
Кыздар эмнеге анча эрте турмушка чыгасынар?Окугула озунордун укугунарды билгиле.ЭЧ КИМ силерге кол которгонго акысы жок.Эмне кыласынар уруп жатса деле ошого чыдап жашай берип, мына анан ушунтип оз ажалынарды табасынар.Азыр 21 кылым эч ким силердин укугунарды тебелегенге, ажырашып кетти деп айтканга даже укугу жок.Баланар болсо дагы шаарга келип жумуш таап, кулак мээнер тынч, жалгыз жакшы жашаганга неге болбосун.Бироонун уйуно кул болуп, токмогун жеп, жакшы жашоо корбогондон кийин.
0
Sara1993
2021-09-24 16:38:09
Мырзалар жубайынарды уруп жатканда озунордун апанарды эстегиле, апанарды ошонтип атанар урса эмне болмок?Эч качан келин менен кайненен урушканда апанарга болушуп жубайынарга кол которбогуло.Эки жак оздору чечип алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан