Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын сайтына жарыяланды.
Банктын эксперттери Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш 2021-жылы 3,5 пайыз, 2022 -жылы 5 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилешти.
"Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү үчүн жагымдуу көз караштарды эске алуу менен өлкө COVID-19дун таасирин сезүүнү улантып жатканына карабастан, биз, Азия өнүктүрүү банкы кызматтар сектору калыбына келе баштаганда экономикалык өсүшкө этияттык менен оптимизм менен карайбыз", - деп жазылат маалыматта.