Орусия эпидемиологиялык абалды эске алуу менен 2021-жылдын 5-октябрынан тарта айрым өлкөлөр менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайра жандандыруу чечимин кабыл алды. Мындай маалымат Орусия өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Ош-Москва каттамында жумасына 4 рейс;
Санкт-Петербург-Бишкек каттамында жумасына 1 рейс;
Санкт-Петербург-Ош жана Новосибирск-Ош - ар бир каттам боюнча жумасына 1 рейс;
Красноярск-Ош, Екатеринбург-Ош жана Иркутск-Ош - ар бир каттам боюнча жумасына 1 рейс болмокчу.
Мындан тышкары, Индия, Испания, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Японияга бир катар аба каттамдарын жандантуу жана санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле ыкчам штаб жарандарды COVID-19дан коргонуу үчүн чет өлкөлөргө учар алдында эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.