Тил күнү: Шаардагы ката жазылган көрнөк-жарнактар. Алар каталар үчүн канча айып пул төлөйт? (сүрөттөр)

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Бирок кылымдарды карыткан эне тилибиздин көйгөйлөрү жок эмес. Ал өз жерибизде өзгө тилдердин көлөкөсүндө калып кор болууда. Арабызда өз тилинде оюн түшүндүрө албаган жарандарыбыз жок эмес. Окуу китептеринен, көчөдөгү көрнөк-жарнактардан ката жазылган сөздөрдү көп учуратабыз. Биз бул маселе боюнча Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Маалыматтык талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Байчекировго тилге тийиштүү суроолорду узаттык.

- Көрнөк-жарнактардагы каталар жыл санап азайып жатабы?

- Бишкек шаарында жарнамаларды көзөмөлдөгөн мекеменин жоктугу жарнамалардын мыйзам бузуу менен жайгашуусунун негизги себептеринин бири болуп келет. Маселени мыйзамга ылайык иретке келтирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин иши. Алар фактыларына карата жеке жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген талаптагыдай эмес жарнамага эскертүү жасайт жана аларга бөгөт коёт; жарнама берүүчүлөргө, жарнама чыгаруучуларга жана жарнама таратуучуларга Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөр, каршы жарнаманы жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдерди жөнөтөт.

- Ката жазылган сөздөр үчүн айып пулдардын суммасы канча?

“Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин” 65-1-беренесинин 3-пунктунда: “Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфография эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу 1-категориядагы айып пул салууга алып келет. Жеке адамдар үчүн – 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом), юридикалык жактар үчүн – 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом)” деп көрсөтүлгөн. Мамлекеттик тил комиссиянын Жобосуна ылайык мыйзам талабына ылайык келбеген жарнамаларга айып пул салуу ыйгарым укугу жок болгондугуна байланыштуу тиешелүү органдарга маалымат берүү, өз ара кызматташуу иштери менен гана чектелет.

- Китептердеги каталарды кимдер текшеришет?

- Союз учурундагы мамлекеттик басмаканалардын иш тартиби жоюлуп кеткенден кийин эгемендик мезгилден тартып чыгарылган китептердеги каталар көбөйдү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жобосунда жогорудагы сыяктуу эле китептердин каталары боюнча көзөмөл жүргүзүү ыйгарым укугу жок. Учурда китептеги каталарга китеп чыккан басмакананын корректору, редактору жооптуу болуп саналат. Азыркы учурда менчик басмаканалар мындай көйгөйдөн четтөөнүн жолу катары китептин автору менен “каталарга автор жооп берет” деген таризде кол койдуруп, келишим түзүп алса, эч кандай жоопкерчиликти албастан басмадан чыгара бере алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zamir.pochta
2021-09-23 16:04:22
Мен жазган коментарий жок.
+3
balzak
2021-09-24 09:39:22
Негизи жакшы макала болуптур, бирок бул жаатта ушундай көзгө сайган көйгөйлөр болуп жаткандан кийин, анын чечүү жолдорун издебегендиги таң калтырат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия өзү биздин укугубуз жок деп олтурса, башкалар каякка барат?!Жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, ишти алып барсын да, ошондо жкашы жыйынтык болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан