Өзбекстандын Самарканд облусунда сарайдан 16 жашар кыз менен апасынын жансыз денеси табылды. Алар экөө тең жипке асынып, өз жандарын кыйган. Ал эми окуяга шектүү катары келиндин күйөөсү менен кайненеси камакка алынды деп жазышат аталган өлкөнүн басылмалары.
Маалыматта айтылгандай, өз жанын кыйган аял эркек бала төрөбөгөндүгү үчүн дайыма күйөөсү менен кайненесинин ур-токмогуна кабылып, үйдө байма-бай уруштар чыгып келген. Үй-бүлөдөгү мындай көрүнүштөн айылдагы бардык тургундардын кабары болгону да айтылган маалыматта.
Ушул сыяктуу жаңжалдардын биринде үй-бүлөнүн 16 жаштагы кызы сарайга барып, жипке асынуу менен өз жанына кол салган. Арадан 2 саат өтпөй апасы дагы кызынын жанына барып, асынып алган.
Ал эми кылмышка шектүү катары аялдын күйөөсү менен кайненеси кармалган.
Соттун жүрүшүндө каза болгон аялдын күйөөсү жубайын ур-токмокко алып келгенин моюнга алган. Бир жыл мурун эле дүкөндөн азык-түлүк алып, карызды кайненесине жаздыртып койгону үчүн электр чубалгысы менен сабаганын билдирген. Ошондой эле дагы бир жаңжалда аялынын бетине кайнак суу төгүп жибергенин айткан.
Ал эми келини менен келише албай жүргөнүн кайненеси билдирген. Анын айтымында, келини ага өтө жаман мамиле кылчу.
Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында экөө тең күнөөлүү деп табылып, келиндин күйөөсү 7 жылга, кайненеси 4 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду.