реклама
super.kg logo

"Иттерди кафелерге алып кетиши мүмкүн". Зоологиялык ыктыярчылар президентке кайрылуу жасашты

 

Бүгүн, 24-сентябрда "Добрые руки" кароосуз калган жаныбарларга жардам берүү фондунун жетекчиси Лариса Слободская "Кайнар" кароосуз калган жаныбарларга жардам берүү фондунун жетекчиси Илья Ружичка, "Гумандуу дүйнө. Бишкек" кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Ольга Валерьевна жана зоологиялык ыктыярчылардын катышуусунда маалымат жыйын болуп өттү.

Жыйында аталган фонддун өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Кайрылууда Кыргыз өлкөсүндөгү кароосуз калган жаныбарларга көңүл бурууну жана аларга мыкаачылык иш-аракет жасагандарга чара колдонууну суранышты.

Буга чейин жаныбарларга карата ырайымсыз мамиле кылуу фактылары боюнча милицияга көптөгөн кайрылуулар болгондугун жана жоопсуз калып жаткандыгын билдиришти.

"Токой плантациясында стихиялуу баш калкалоочу жайдын уюштуруучусу Александр Уваровдун арызы боюнча 2021-жылдын 14-сентябрында аны милиция бөлүмүнө алып кетишкен жана ал кайрылып келген кезде анын 10 ити өлтүрүлгөнүн көргөн. Эртеси күнү дагы Уваров иттери ууландырылганын билдирип, аларды өрттөп салышканына ишенерин кошумчалаган. Жаныбарларды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Жаныбарларга ырайымсыздык мамиле кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышына жеткен эмес.Тескерисинче, факты Кылмыш кодексинин 118-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча катталган", - деп "Кайнар" кароосуз калган жаныбарларга жардам берүү фондунун жетекчиси Илья Ружичка билдирди.

"Биз өрт болгон жерге барганыбызда иттер тирүүлөй күйүп жаткан. Анда иттердин чоңдору дайынсыз болуп, кичинекейлери эле калган. Менин оюмча, чоң иттерди корей кафелерине алып кетиши ыктымал. Балким, бул ишти курулуш компаниясы же болбосо мэрия "Тазалык" ишканасы менен биргеликте кылышы мүмкүн", - дейт зоологиялык ыктыярчы Марина Лим.

Ошондой эле фонддун өкүлдөрү жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылгандар жазасыз калып жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин так аткарбай жаткандыгын айтышты.

Ал эми "Добрые руки" кароосуз калган жаныбарларга жардам берүү фондунун жетекчиси Лариса Слободская жарандарды жаныбарларды көзөмөлгө алууга жана балдарды жаныбарларга карата туура мамиле жасоону үйрөтүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.09.2021. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
775
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
16-10-2021 00:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эле түз эле президентке кайрылышат го, убактысы жетет бекен. Ит жоголсо дагы, эшек жоголсо дагы.
24.09.2021. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
16-10-2021 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка проблема түгөнүп калгансып
24.09.2021. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
21-08-2015
Соӊку аракети:
24-09-2021 21:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын президент чечсе ошондой болот да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178162;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: