реклама
super.kg logo

Өлкөнүн 2026-жылга чейинки өнүгүү программасы талкууланды

 

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара президенттин администрациясы жана Экономика жана финансы министрлиги тарабынан уюштурулган.

Кыргыз өлкөсүнүн 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоору өлкөнүн 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын биринчи этабы боюнча деталдаштырылган документи болуп саналат.

2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоорунун башкы принциптеринин бири – узак мөөнөттүү Стратегия 2040 документинде каралган мамлекеттик саясатты улантуу – адамга көңүл буруу, анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү жана чөйрөнү калыптандыруу. Мамлекеттин билим берүү жана саламаттыкты сактоого сарптаган чыгымдары келечекке инвестиция катары каралат.

* 2026-жылга чейинки программанын негизги тапшырмалары.

Адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрөнү калыптандыруу, анда өзгөчө көңүл социалдык-маданий өнүгүүсүнө, коомдук саламаттыкты сактоо тутумун кескин реформалоо, санариптик технологиялар негизинде баштапкы медико-санитардык жардамды чыңдоо, жер-жерлердеги социалдык кызматты өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү тутумуна жан башына каржылоону киргизүү, бизнести мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө тартуу, социалдык-медициналык жана медициналык кызматтарга бурулат.

* Келечек муундардын фондун түзүү болжолдонууда.

Фонддун максаты - балдардын эрте өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, жашы жетип, билим алуусу, ден соолугу боюнча талаптарды аткарган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Фонддун каржы булагы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында өндүрүлгөн кайра калыбына келбей турган ресурстарды иштетүүдөн түшкөн каражаттардын бир бөлүгү болот.

* Калктын жакыр жана аз камсыз болгон катмарын колдоо максатында микрокредиттик каржылоону бөлүү жолу менен социалдык келишимдин механизмдери киргизилет.

Программада жаш жеткинчектерди багуу боюнча энелердин эмгегин таануу, жаш кыздардын азыркы мууну арасында "Курманжан-Датканын" образын жандандыруу жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдар камтылган.

* Программада мамлекеттин өнүгүүсү үчүн маданият, эл жана диндин көп түрдүүлүгү стратегиялык ресурс катары белгиленген.

Мамлекеттик саясат улуттук биримдикти, жарандык жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, үй-бүлөдөгү жана балдарга карата зомбулукту жоюуну, жоопкерчиликтүү ата-эненин принциптерин жайылтууну камсыз кылышы керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178162;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: