Буга чейин Пермь шаардык тергөө комитетинин бөлүм башчысы Сергей Сарапульцев өз жанын кыйганы, ошондой эле анын мындай кадамга Пермь университетиндеги трагедия жана анын иликтөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу экени жазылган.
Анын өлүм алдында жазылган каты табылды. Анда жетиштүү өмүр сүргөнү жана Иисус Христостон кечирим сураганы жазылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Жетиштүү жашадым. Бардык билип же билбей кылган күнөөлөрүм үчүн Иисус Христостон кечирим сурайм. Сенин алдыңда күнөөлүүмүн. Мендей татыксыз кулуңа ырайым кыл", - деп жазылган катта.
Сергей Сарапульцев 1967-жылы 14-январда Пермь крайындагы Орда айылында төрөлгөн.