Япониянын университеттеринде окууга кабыл алуу жарыяланды. Окууга тапшыруунун жол-жобосу

2022-2023-окуу жылына JDS долбоорунун алкагында кадрларды даярдоо программасы боюнча кандидаттарды окууга кабыл алуу жарыяланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашат.

Аталган программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Япониянын университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Квалификациялык талаптар:

– жарандыгы: Кыргыз Республикасы;

– жашы: 2022-жылдын 1-апрелине карата жашы 40тан ашпоосу шарт;

– кесиби: мамлекеттик мекемелерде туруктуу штаттык кызматкер статусунда иштеген Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлери (саясий мамлекеттик/муниципалдык, атайын жана патронаттык кызмат орундарын (консультанттар, кеңешчилер, жардамчылар) ээлегендерден тышкары);

– мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы: 2022-жылдын 1-апрелине карата туруктуу 2 жылдан кем эмес;

– билими: жогорку (бакалавр даражасы же адистик боюнча диплом);

– англис тилин билүү: магистратурада окуу үчүн керектүү деңгээлде;

Программага катышуу үчүн арызды толтуруу жана бардык керек болгон документтерди даярдоо зарыл. Андан кийин арыз бардык керектүү документтер менен кошо 2021-жылдын 12-ноябрында саат 16:30дан кечиктирилбей JDS долбоорунун Бишкек шаарындагы кеңсесине жеке же курьер аркылуу тапшырылышы керек. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч жана толук эмес толтурулган арыздар каралбайт.

Арыз берүү үчүн документтерди (арыздын формасы, арыз толтуруу боюнча колдонмо жана башка формалар) JDS долбоорунун кеңсесинен, Мамлекеттик кадр кызматынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кадрлар бөлүмдөрүнөн же www.jds-scholarship.org (www.jds-scholarship.org/country/kyrgyz/index.html) сайтынан алууга болот.

Кошумча маалымат үчүн JDS JICE долбоорунун ишканасына кайрылуу керек: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 64Б, 1-кабат, "ololohausErkindik", №25 кеңсе. Байланыш номерлери: (0550) 02-63-33, (0555) 81-86-18.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан