Бишкекте "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын ээлери аныкталат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыктыларды аныктоо 1-октябрда борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде өтөт.
Маалым болгондой, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы быйыл 9-ирет өткөрүлөт. Анда кинематография тармагынын мыктылары аныкталып, сыйланат.
Былтыркы жылга мерчемделген киносыйлыкты өткөрүү иш-чарасы пандемия шартына байланыштуу кийинкиге калтырылган.
Бул жолу иш-чара "Манас" кинотеатрында 1-октябрда саат 17:00дө башталат.