Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда бала бакча ишке берилди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылында эки кабаттуу бала бакча реконструкцияланып, ишке берилди. Бул туулалуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчанын эки кабаттуу имараты көп жылдар бою каралбай, тонолуп кеткен. Учурда аны реконструкциялоого жалпысынан 4 миллион 802 миң сом чыгымдалган. Анын ичинен 80 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калган сумманы облустук өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Мындан сырткары ичиндеги эмеректер долбоордун негизинде 487 миң сомго жергиликтүү аялдар коомдук бирикмеси тарабынан алынып келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан