АКШнын Техас штатындагы мектептердин биринде ок атуу болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттарына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жабыркаган 4 адамдын үчөө окуучу, бирөө улуу курактагы эркек адам болгон. Алар ооруканага жеткирилген. Учурда аталган окуу жай толугу менен полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Ал эми окуяга окуучулар арасында чыккан жаңжал себеп болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда. Бирок ок чыгарганга шектелген өспүрүм из жашырып кеткен. Азыркы тапта полиция кылмышка шектүүнү издеп жатканы кабарланат маалыматта.