Акыркы бир сутка ичинде 2 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандардын арасынан катталган.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 618 адам коронавирустан каза болду.