Акыркы бир сутка ичинде 1 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгон жаран COVID-19га каршы эмдөө албагандардын арасынан катталган.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 619 адам коронавирустан каза болду.