реклама
super.kg logo

Президенттер: Кудум кинодогудай. Украинанын президенти Володимир Зеленский тууралуу кызыктар

 

2019-жылы Украинада ары таң калычтуу, ары кызыктуу бир окуя болгон. Өлкөдө 4 жылдан бери тартылып келе жаткан "Кийинки президенттин тагдыры" деген теманы ичине камтыган чоң бир телесериалдын акыркы сезону жыйынтыкталып, 27-мартта көрүүчүлөргө тартууланат. Сериал көп адамга жагат. Айрыкча сериалдын башынан бери өлкө башчысынын образын жаратып келген 41 жаштагы актёр адаттагыдай эле көпчүлүктүн мактоосуна арзыйт. Аталган окуядан туура 24 күн өткөн соң өлкөдө президенттик шайлоо орун алат. Эң кызыгы ал шайлоодо өлкөнүн ошол кездеги президенти баш болуп бардык талапкерлер сериалдагы президент мырзага жеңилип калышат. Тактап айтканда, 41 жаштагы актёр мырза президенттик шайлоону жеңип чыгып, тасмадагы президент өлкө башчысына айланган.

"Президенттер" рубрикабыздын бул жолку санында Украинанын учурдагы президенти Володимир Зеленский тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун.

Володимир Зеленский

Володимир Зеленский 1978-жылы 25-январда Украинанын Кривой Рог шаарында билимдүү адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Александр Зеленский техникалык илимдердин доктору, профессор, математик жана программист болгон. Өздөрү жашаган шаардагы (ред.Кировой Рог шаары) Криворожский улуттук университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Ошондой эле информатика жана маалыматтык технологиялар кафедрасын жетектеген.

Апасы Римма Зеленская инженердик жогорку билимдин ээси болгон жана бул тармакта 40 жылдан ашык иштеген.

Володимир Зеленскийдин чоң атасы Семён Зеленский дагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан мартабалуу адамдардын бири болгон. Ал аткычтар дивизионунда командирлик кызматтарга чейин аркалап, согуш аяктаган соң 2 ирет "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйланган.

Володимир (ред. Володимир Зеленский) бала чагында ата-энесинин жумушуна байланыштуу 4 жылга жакын Монголияда жашаган. Атасы Монголиянын Эрдэнет шаарында 20 жылдан ашуун эмгектенген. Шаардагы белгилүү тоо-кен иштетүү комбинатынын куруучуларынын бири болгон. Апасы дагы ал жылдары инженерия тармагында иштеп турган. Володимир Эрдэнетте 1-классты аяктаган соң апасы экөө кайрадан Украинага көчүп келишип, өзү туулган Кривой Рог шаарында орто мектепти аяктаган.

Келечектеги өлкө башчысы кичинекей кезинде эле бир канча тармакты бир убакта алып жүргөн жөндөмгө ээ, өтө талантуу бала болгон. Маселен орто мектепте окуп жүргөндө ал грек-рим күрөшү жана оор атлетика спорту менен машыккан. Бош убактысында волейбол жана баскетбол да ойной турган. Мындан тышкары бий менен да алектенчү. Ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, мектептин ансамблинде пианино жана гитарада ойночу.

Спорт жана чыгармачылык менен бирге окууну да мыкты окуган Володимир 16 жашында Израилге бекер билим алууга грант утуп алган. Бирок атасынын каршылыгынан улам барган эмес. Орто мектепти 1995-жылы аяктап Гетьман атындагы Киев мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин Укук таануу бөлүмүнө тапшырган. Эң кызыгы жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин (2000-жылы) өз кесиби боюнча таптакыр иштеген эмес.

Адатта президенттердин өмүр-таржымалында мамлекеттик иштерге эрте аралашканы, саясат айдыңында элге таанылганы жана бул жаатта кичинекей кызматтан баштап тепкичтеп жогору көтөрүлгөнү сыяктуу окуялар басымдуулук кылат. Ал эми Володимир Зеленскийдин президенттикке келгенге чейинки жашоосу таптакыр башкача өңүттө уланган.

Орто мектепте жогорку класстарда окуп жүргөн маалында КВНге аралашып, мектептин атынан чыккан "Жаш Кривой Рог" командасы менен көптөгөн оюндарга катышкан. Кийин белгилүү "Запорожье-Кривой Рог-Транзит" командасынан чакыруу алып, алардын катарында оюн алып бара баштайт. 1997-жылы аталган команда менен жогорку лигада чемпион болгон соң, өз алдынча "95-квартал" аталышындагы жаңы команда түзүп чыккан. Володимир Зеленскийге атактуулук алып келген мезгил дал ушул жылдан башталган.

"95-квартал" командасы 1998-2003-жылдарда КВНдин Жогорку Лигасында оюн алып барган. Бул жылдар аралыгында команда көптөгөн ийгиликтерди багынткан. Кызыктуу тамашалары менен элге таанылып, Украина, Орусия эле емес КМШ өлкөлөрүн түрө кыдырып концерттерди коюп турушкан.

2003-жылы Украинадагы "1+1" телеканалы "95-квартал" командасына телеканал аркылуу эң мыкты номерлерден куралган сериялуу бир долбоор алып чыгууну сунуштаган. Команданын капитаны Володимир Зеленский ушундан кийин өзүн телевидение тармагында сынап көрүүнү чечкен.

Команда менен биргеликте көптөгөн тамашалуу теле долбоорлор түзүлүп телеканал аркылуу элге тартуулана баштайт. Алардын арасынан Володимир Зеленский ашкана темасындагы "Мистер Кук" аттуу берүүнү алып чыккан. Кийин 2005-жылы "Интер" телеканалында "Вечерный квартал" аталышындагы автордук берүүсүн алып чыгат. Бул долбоор кыска убакытта чоң бир атактуулукка жетип, ошол кезде көпчүлүк күтүп көргөн КВН, Comedy Club теле долбоорлордун деңгеелине чейин жетип барган.

Кийин "95-квартал" командасы "Квартал-95" аталышындагы студияга айланган. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Володимир Зеленский болгон. Аталган студияда көптөгөн теле долбоорлор экранга чыгып, бир катар кино тасмалар тартылган.

Володимир Зеленский телевидение тармагында иштеп турган 2003-2018-жылдар аралыгында 30га жакын ар кандай жанрдагы теле долбоорлорду ишке ашырган. Алардын көбүндө алып баруучулук кызматты аркаласа, бир канчасы өзүнүн автордук долбоору болгон.

Өнөрү ар тараптан ташкындап турган Зеленский кино дүйнөсүнүн да белгилүү жылдызы болуп саналат. Ал өзү негиздеген "Квартал-95" студиясында тартылган көптөгөн тасмаларда башкы ролдордо ойногон. Маселен эң алгач 2008-жылы "Квартал-95" студиясында тартылган "Чоң шаардагы сүйүү" тасмасында башкы каарман болгон. 2010-жылы тартылган "Ржевский Напалеонго каршы" аттуу тасмада Напалеон Бонапарттын образын жараткан.

2019-жылга чейин бардыгы болуп ондон ашык тасмада жана 3 сезондон турган сериалда (Эл кызматчысы) башкы каармандын образдарын ачып, актёрдук чеберчилигин сынаган.

Ошондой эле 15ке жакын тасманын сценарийин жазып, дагы 20дан ашык тасмага продюссерлик кылган.

2018-жылы Девид Додсон менен бирге "Я, ты, он, она" тасмасында режиссёрлук кызматты аркалаган.

Орусиялык режиссёр Алексей Кирющенко тарткан "Эл кызматчысы" теле сериалы Владимир Зеленскийдин жашоосун таптакыр башка багытка бурган бир "керемет" сыяктуу тарыхта калды. Себеби 2015-жылы тартылып баштаган бул сериалда Володимир Зеленский өлкө башчынын образын жараткан. Айрымдар муну Володимир Зеленскийди чыныгы жашоодо президенттик кызматка жеткирген тасма дешсе, кээ бирлер укмуштуудай дал келүү болуп калганына таң беришип "тагдырдын тамашасы" катары баалап келишет.

Сериалдын жаралуу тарыхына келсек 2015-жылы "Квартал-95" студиясында биринчи сезону тартылып баштаган. Сериалдын бет ачаары 16-ноябрда болгон. Андан соң 2016-жылы "Слуга народа 2" аталышында толук метраждуу көркөм тасма болуп тартылган. 2017-жылы сериалдын 2-сезонун тартуу иштери башталып 23-октябрда элге тартууланган. Ал эми 2018-2019-жылдары сериалдын 3-сезону тартылган.

2016-жылы 13-апрелде Володимир Зеленский башында турган "Чечкиндүү өзгөрүү" партиясы түптөлөт. Кийин 2017-жылы партиянын аталышы Володимир Зеленский президенттин образын жаратып жаткан теле сериалдын атынан "Эл кызматчысы" деп өзгөртүлгөн. 2018-жылы 31-декабрда Володимир Зеленский теле каналдардын биринен алдыда боло турган президенттик шайлоого катыша турганын жарыялаган. Арадан 20 күн өткөн соң, тагыраагы 2019-жылы 21-январда "Эл кызматчысы" партиясы президенттикке Володимир Зеленскийдин талапкерлигин көрсөткөн.

Февраль айында алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоодо Володимир Зеленский кыйла алдыга озуп чыккан.

Ал эми 31-мартта президенттик шайлоонун 1-туру орун алган. Анда Володимир Зеленский ошол учурдагы президент Пётр Порошенкодон 2 эсе көп, тагыраагы 30,24 пайыз добуш алган.

Андан кийин шайлоонун 2-турунда негизги атаандаш катары кайрадан Пётр Порошенко экөө ат салышкан. Бул жолу Володимир Зеленскийге жалпы шайлоочулардын 73,22 пайызы добуш берип, президенттик шайлоодон утуп чыккан. Ал эми президенттин инаугурациясы 2019-жылдын 20-майында орун алган. Эң кызыгы инаугурация салтанатынан бир жарым айдай убакыт мурун, тагыраагы 27-мартта "Эл кызматчысы" сериалынын жыйынтыкталуучу акыркы сезонунун бет ачаары болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.10.2021. 00:11 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
21-10-2021 11:29
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кинодогу образдан бир грамда жокко. Азыр мунун президент экени билинбейт. Хахолдорда муну шайлап адашышты!!!
11.10.2021. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
21-10-2021 14:55
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,хохолдор клоун!! Боксёрду мэр столица, шоколад королду президент, чет олколук министрлерди глава министерств кылып шайлап алышты. Какой тольк? Кайра хуже чем вечера
11.10.2021. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
21-10-2021 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Datka7777,биздечи такайларды кулун деп качырларды тулпар деп шайлагандарыбызбы? Эч айырма жок алардан
11.10.2021. 14:13 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
21-10-2021 11:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Datka7777, Кыргыз саясатчылары деле клоундардан айырмалары жок))).
11.10.2021. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
18-01-2014
Соӊку аракети:
11-10-2021 21:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Datka7777,орусчаны тытып ийипсин го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178553;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: