Татарстанда кулаган L-410 учагынын кыйрашынын болжолдуу себеби айтылды

Татарстандын бийлиги L-410 учагынын кыйрашынын болжолдуу себебин атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, L-410 учагынын кыйрашына учактын кыймылдаткычтарынын биринин иштен чыгышы себеп болушу мүмкүн.

Ал эми буга чейин авиациялык кызматтын өкүлү жүргүнчүлөрдүн санынын көптүгү кырсыктын себеби деп атап, бул ашыкча жүккө жана натыйжада жыгылууга алып келерин билдирген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-октябрда эртең менен парашютчулары бар Л-410 учагы Татарстандын Мензелинск шаарынын аймагында кырсыкка учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учакта 23 адам болгон. Учак кырсыгынан экипаж мүчөлөрү болуп жалпы 16 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2021-10-10 20:18:23
Учак асмандан жыгылабы? Же асмандан кулайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан