Михаил Саакашвили Грузияга каймак жүктөлгөн контейнерге жашынып алып киргени белгилүү болду

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинадан өз өлкөсүнө каймак жүктөлгөн контейнерге жашынып алып кирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Саакашвили каймак жүтөлгөн контейнерге жашынып алып Грузияга 29-сентябрда кирген. Контейнер Поти шаарына жетип, бажы кызматкерлеринин текшерүүсүсүз эле чиркегичке жүктөлүп, дароо Тбилисиге жөнөтүлгөн. Себеби контейнер Тбилисиге бир нече күндүн ичинде жетиши керек болчу.

Грузиялык аналитик Мамука Арешидзе Саакашвили мекенине кайтып келип, олуттуу ката кетиргенин айтты. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү ага коюлган айыптарга кошулду.

Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. Өз кезегинде Грузиянын учурдагы президенти Саломе Зурабишвили Саакашвилиге ырайым берилбей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-10-11 20:35:13
Неге кирди деймда, ошол жактарда эле жүрө бериш керек болчу кайфти уруп!
+1
Datka7777
2021-10-11 22:27:02
Жондон жон кирген жок! Дагы бир революция кылат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан