Бүгүн, 12-октябрда коронавирус илдетинен дагы эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, каза болгондор эмдөө албагандар арасында катталды.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 2 622 адам коронавирустан көз жумду.