Темир Сариевдин тарапташтары анын боштондугун талап кылып соттун алдына митингге чыгышты

Экс-премьер-министр Темир Сариевдин тарапташтары анын боштондугун талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кумтөр иши" боюнча камалган Темир Сариевдин 100гө чукул тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулган. Шаардык сот бүгүн, 12-октябрда Сариевдин бөгөт чарасын карады. Чогулгандар саясатчыларды бошотууну талап кылууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-сентябрда экс-премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калтырган.

Эскерте кетсек, Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөн, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилген деп шектелип, 3-августта УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан