Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Мариповдун төрага болуп турганда кетирген чыгымдарын сурады. Ал мындай суроосун Жогорку Кеңештин комитет жыйынында министрлер кабинетинин жаңы курамын талкуулоо учурунда Акылбек Жапаровго берди.
- Нурбек Сыдыгалиев Акылбек Жапаровго: "Марипов премьер-министр болуп шайланганына канча ай болду?"
- Акылбек Жапаров: "8 айдан өттү, 9 айга жете элек".
- Нурбек Сыдыгалиев: "Тактоо иретинде кайсы мыйзамдын негизинде резиденцияда жашап, күзөтчүлөр менен жүрдү?"
- Акылбек Жапаров: "Өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзамдын негизинде жүрдү".
- Нурбек Сыдыгалиев: "Төрага болгондон кийин анын ал жакта жашаганга уруксаты жок да".
- Акылбек Жапаров: "Жок, мурунку өкмөттүн мыйзамы иштеп жатты да".
- Нурбек Сыдыгалиев: "Конституциянын кайсы жеринде жазылып турат?"
- Акылбек Жапаров: "Жок, ал конституцияда жазылбайт. Атайын өкмөт жөнүндө мыйзамдын негизинде, мурунку өкмөттүн мыйзамынын негизинде ал кишиге күзөтчүлөр дагы, резиденция дагы керек болчу".
- Нурбек Сыдыгалиев: "Ошол убактагы чыгымын мага санап бересиңерби? Жашаган жерине жана аны кайтарган күзөтчүлөргө канча чыгым кетти?".
- Акылбек Жапаров: "Аны санаган туура эмес болуп калат го. Андай деле чоң акча эмес".
- Нурбек Сыдыгалиев: "Кеткен чыгымды мен Эсеп палатасына айтам. Биз тапшырма беребиз. Ошол акчаны ким төлөйт? Кеткен чыгымды өзү төлөп береби?".
Өз кезегинде, Акылбек Жапаров ал каражат бюджеттен кеткенин, аны төлөтөбүз деген туура эмес экендигин айтты. Нурбек Сыдыгалиев каражатты төлөтүш керек экендигин билдирди.