Шайлообек Атазов: "Райымбек Матраимовго окшогон менеджерлерди алып келиш керек"

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовго окшогон менеджерлерди алып келүү керектигин айтты.

"Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитип жатабыз. Алардын кыла турган ишин, тарыхын мындан аркы пландарын сурашыбыз керек. Бул жерде кесиптешибиз кээ бир депутаттар окубай туруп мыйзам кабыл алып жатат деп айтып жатат. Окуган, 5 кызыл диплому барлар мамлекетти уурдап Кремлде, Америкада жүрөт. Райымбек Матраимов деп айтып жатасыңар. Матраимовго окшогон менеджерлерди алып келип коюш керек. Анын жанына отурса эмне кылмышкер болуп калыптырбы? Батукаевди жетелеп алып чыккандарды эмнеге айтпайсыңар?", - дейт Атазов.

Жыйында Дастан Бекешев окубаган депутаттар мыйзамдарды кабыл алып жатканын айтты. Ошону менен катар эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди Райымбек Матраимов экөө бир тойго барды деп сындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан