SUPER.KG порталына "29 жылдан бери жолдошумдан кордук көргөнүм аз келгенсип, 34 жолу документ тапшырып паспорт ала албадым" деген каарманыбыз кайрылган. Анда ал жолдошу мас болуп келгенде ур-токмокко аларын айтып, милицияга арыз жазганын дагы билдирген. Бул боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер болүмүнүн маалымат кызматына байланышып, жагдайды сурап көрдүк.
Алардын айтымында, Рахима Юлдашева жазган арыздын негизинде учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
"Рахима Юлдашеванын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин "үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен иш каралып жатат. Тергөө тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ал эми Акыйкатчы аппаратынын Жалал-Абад облусу боюнча инспектору Алишер Тажихановго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биз азыр "Укук кербени" боюнча жер-жерлерди кыдырып жүрөбүз. 7-октябрда Ала-Букада чогулуш өткөргөнбүз. Ага Рахима Юлдашева дагы катышты. Бизге паспорт столдун кызматкери Юлдашевага туруктуу жашап туруу укугу (Вид на жительство) деген күбөлүк берилгенин айтты. Эми кайрадан документтерин чогултуп тапшырса болот", - деп билдирди Тажиханов.