WhatsApp тиркемеси Android системаларында дизайнын өзгөртөт

WhatsApp өнүккөн функцияларды камсыз кылуу үчүн өзүнүн билдирүү колдонмосунун ар кандай бөлүмдөрүн үзгүлтүксүз өзгөртүп турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жакында бизнес колдонуучулар үчүн жаңы профиль дизайны жөнүндө маалымат пайда болду. Бул дизайн тестирлөө баскычында жана бета-тестирлөөлөр үчүн азырынча жеткиликтүү эмес. Бирок өзгөрүүнүн сүрөтү интернетке чыгып кеткен.

Жаңы дизайн Android колдонуучулары үчүн даярдалып жатат. Профилдин сүрөтү азыр төрт бурчтуу эмес, тегерек. Мындан тышкары, үн жана видео чалуулар үчүн эки жаңы байланыш баскычы болот. Башка өзгөртүүлөр болушу мүмкүн, бирок алар азырынча ачыктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2021-10-14 09:57:08
Агент эле жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан