"Элге жардамым тийген сайын канат байлап жаттым"

Аскарбек кызы Айназик “Тилектештик автобусу” долбоорунун жаш адистеринин бири катары быйыл алыскы аймактарды кыдырып, элге укуктук жардам көрсөтүп келди. Айназик менен сүйлөшүп жатып, анын элдин жашоосун жакшыртууга болгон ынтызарлыгын байкадык. Ишине жоопкерчилик катары эмес, чын жүрөктөн жардам берип, ишин чечип бергиси келген адам катары мамиле кылаары байкалып турат. Анда Айназиктин баянын сунуш кылабыз.

“Мен “Тилектештик автобусу” долбооруна катышканыма абдан кубанычтамын. Алыскы айылдарды кыдырып, элдин көйгөйүн угуп, кеңеш берип, аны чечип бергенден өзүмчө канат байлап жаттым. Мага кайрылгандарга мүмкүн болушунча толук маалымат бергенге аракет кылам. Кардарлар менен ачык маектешип, башка багытта дагы жардам керек болсо, ошол адиске жетелеп барып, ишин бүтүрүп, колуна бардык маалыматтар жазылган кагазды карматып, өзүмдүн номеримди берип жөнөтөм.

Укуктук маселе кеңеш менен толук чечилип калбайт да. “Тилектештик автобусу” менен кыдырып келгенден кийин дагы, кардарлар телефон чалып жардам сурап жатышты, чалбагандарга өзүм байланышып кабар алып жаттым. Айрымдар ишин бүтүрбөй жүрө берет, аларга телефон чалып, эгер азыр бүтүрбөсө келечекте кандай кесепети тиерин айтып эскертип атам. Ошолор бир эки күндөн кийин телефон чалып “аны эмне кылабыз, муну кантебиз” деп сурай башташат. Ырас кыймылдап ишин бүтүрүп жаткан экен деп сүйүнүп калам. Анан “ий, баякы киши дагы кыймылдап документтерин алып келсе болот эле” деп башкаларды ойлонуп телефон чала баштайм. Мен чыныгы социалдык кызматкер окшойм өзүм.

Каракулжа районундук Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды жана үй-бүлөөнү коргоо боюнча бөлүмүндө иштейм. Иш учурунда эл көп келет. Бирок мен иш учурум менен дээрлик чектелбейм. Мен билген жардамга муктаж адамдардын меселеси чечилмейинче жаным тынбайт. Эл берилген укугун колдонуп жашоосун жакшыртып алса деп тилейм.

Тилектештик автобусу менен Алайкууга барганда мага бир аял 11 жаштагы майыптыгы бар баласына пособие алуу боюнча кайрылып калды. Пособие боюнча маалыматтарды берип, маектешип жатып баласы мектепке барбагандыгын билип калдым. Ушул жашка чыкканча мектепке барбаптыр же мектептен мугалимдери келип окуу тууралуу кеп кылышпаптыр. Ал коляска колдонгон, зирек, талантуу, окууга дилгир бала экен.

Биздин мыйзам боюнча ар бир бала орто билим алууга укуктуу. Майыптыгы бар балдар дагы жалпы орто мектепте, башкалар менен катар окуганга толук укугу бар. Эгерде инклюзивдүү билим керек болсо, ага атайын мугалимдер, мектептер бар. Эгерде мектепке келип окуй албаса, мектеп тарабынан мугалимдер жөнөтүлүп турушу керек.

Мунун баарын ал аялга түшүндүрүп бердим. Күнүнө жок дегенде 2-3 сааттан ар башка предметтерден сабак өтүлүшү керек. Баланын кызыгуусуна карап, ошол багыттагы сабактарга көбүрөөк көңүл бурулушу керек. Мектепке кайрылыңыз, алар сөзсүз келет, эгер келбесе бизге кайрылыңыз деп номеримди жазып бердим. Мындай учурда, биз биринчи айыл өкмөт менен сүйлөшүп, андан кийин мектептин директору менен сүйлөшүү жүргүзөбуз.

Окуу жылы башталганда баланын тагдырын сурап, телефон чалдым. Мектеп мугалимдери келип окутуп, баланын маанайы көтөрүлүп сабактарына жоопкерчиликтүү мамиле кылып жаткан экен. Жүрөгүм жылып калды. Бирок маселе чечилди деп эсептей албайм. Себеби ал баланы үйгө бөлүп койбостон, орто мектепте башка балдар менен аралаштырып окутуш керек эле. Көчөлөрдүн, мектептердин ыңгайсыздыгынан үйдө окуп жатат. Башкалар менен аралашып окуу, баарлашуу, коомго аралашуу абдан маанилүү.

Баланын ата-энеси майыптыгы бар балдар окубайт деп ойлонуп алган, 11ге чыкканча сураштырып кызыккан эмес экен.

"Тилектештик автобусу" менен алыскы аймактарга барып эл кыдырып укугун үйрөтүп, аны чечүүнүн жолун көрсөтүп койгон элге аябай керек. Муну уюштурууга мүмкүнчүлүк берип колдоп жаткан БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” демилгесине чоң ыраазычылк билдирип кетмекмин. Мындан миңдеген адамдар жардам алып атышат. Анын ар биринин артында жок дегенде 4-5 киши турат. Андыктан бул иш чараны улантуу жана жайылтуу зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан