Араванда эл ашар жолу менен курган мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районундагы Чөгөм айылында имамдын демилгеси менен жергиликтүү эл ашар жолу менен 4-класска чейинки окуучулар үчүн 40 орундуу жаңы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Мектептин ачылышына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Араван районунун имамы Алибек Жусупов, райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырзабек Ахматалиев жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Чөгөм айылында мектеп элеттин четинде жайгашкан. Окуучулар мектепке барууда 3 чакырым жолду басып, кыйынчылык туудургандыктан кенже класстын окуучулары үчүн өзүнчө мектептин имараты салынды.

Айыл имамы Маматмуса Жакшыбаев өзүнө таандык жер тилкесин мектеп куруу үчүн бөлүп берген. Анын демилгеси менен буга чейин кенже класстын окуучулары имамдын үйүндө билим алып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан