Кадр кызматы БАЭ менен мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын чыңдоо боюнча кызматташат

14-октябрда Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский онлайн форматында Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министринин кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Олег Тарбинский БАЭнин өкүлдөрү менен жылуу учурашып, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын окутуу тутуму жөнүндө маалымат берген.

Өз кезегинде БАЭнин премьер-министринин кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан Бириккен Араб Эмирлигинин кызматчыларынын окутуусунун методикасы жана тематикасы боюнча презентациясын тартуулады.

Тараптар кадрларды даярдоодогу кызматташтыкты чыңдоо, айрыкча Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына ар кандай темалар боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүгө макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан