Сыймык Жапыкеев депутаттыкка талапкерлигин коёбу? Өзү жооп берди

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев алдыда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Депутаттыкка койсок азыр агитация деп чуркап жүргөн кез болмок. Мени чынында абдан көп кишилер партиясына, бир мандаттуу болуп шайлоого катышууга чакырышты. Бирок жөн эле депутат болбой деле элге кызмат кылууну чечтим", - деп жазды Жапыкеев.

5-мартта ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Финполду Ички иштер министрлигинин курамына киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Андан кийин Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып, бир айга жетпей кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2021-10-15 20:10:55
Апирис
0
Alishdaman
2021-10-15 21:52:35
rysik79, Дажжалдин кичинекей белгилери
0
Fernando_Torres
2021-10-15 20:25:40
Элдер эч нерсе дей албайт ар ким өзү билет өзүңүздүн ойнуз ал бизге пайда ЗЫЯАНЫ деле жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан