реклама
super.kg logo

"Талибан" кыймылы Өзбекстанга иш сапары менен келип кетти

 

Ооганстанда "Талибан" кыймылы түзгөн убактылуу өкмөт кечээ, 16-октябрда Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусу Өзбекстандын Ооганстанга жакын аймагында жайгашкан Термез шаарында болуп өттү.

Талибдердин делегациясын убактылуу өкмөттү жетектеп турган Абдул Салам Ханафи баштап келди. Ал эми Өзбекстан тараптан жолугушууга вице-премьер-министр Сардор Умурзаков катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу, чек ара коопсуздугун бекемдөө, энергетика тармагында кызматташуу жана эл аралык жүк өткөрүү, транзит маселелери талкууланганы жазылган маалыматта.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы электр линияларын тартуу жана биргелешип темир жол куруу демилгеси да көтөрүлгөнү кабарланды.

Буга чейин, 7-октябрда Өзбекстан менен талибдердин жолугушуусу Ооганстандын Кабул шаарында орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181483;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: