Бир сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 7 миң 197 адам өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен 4 миң 75 адам биринчи дозаны, 3 миң 122 адам экинчи дозаны алган.
Жалпы эмдөөдөн өткөндөр: 1 доза - 905 миң 650; 2 доза - 686 миң 505.